Шашылыш кабар:

Быйыл ИДПнын көлөмү 5 пайызга өсөт

Сентябрь 6th, 2018 | by Бахар Хакимова
Быйыл ИДПнын көлөмү 5 пайызга өсөт
Кыска кабар
0

Үстүбүздөгү жылы ички дүң продукциясы киши башына 92,1 миң сомго туура келип, дагы 5 пайызга өсөт. Бул тууралуу бюджеттин 2019-2021-жылдарга карата орточо прогнозунда айтылат.

Ошондой эле бул жылы керектөө бааларынын​​ 3,1 пайызга өсүшү күтүлүүдө, ага жараша акчалай кирешелердин номиналдык өсүшү 5,7 пайызга жетет. Буга байланыштуу орточо айлык акысы да өсүшү болжолдонууда. Жашоо минимуму 5023,3 сомго жетет.

Жумуш орундарын түзүү, ишкердикти өнүктүрүү, жумушсуздукту азайтуу, эмгек рыногундагы суроо-талаптын жана сунуштун дисбалансын назайтуу менен жакшы натыйжалар күтүлүүдө.

Бул көрсөткүчтөр аркылуу жумушсуздуктун деңгээли 7 пайызга кыскараары күтүлүүдө.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache