Шашылыш кабар:

Жумагулова: “Репоэтиндин зыяны жок»

Сентябрь 5th, 2018 | by Канай Анаркулов
Жумагулова: “Репоэтиндин зыяны жок»
Күн Чабыт
0

4-сентябрда Бишкек шаарында гемодиализ кызматын алган бейтаптар Ак үйдүн алдына  митингге чыгышты. Бөйрөк оорулуу бейтаптар Саламаттыкты сактоо министрлиги сатып алган “Репоэтин” каражатын колдонуудан кооптонуп, андан зыян тартып калабыз деп коптонушууда.  Алар буга чейин колдонуп келген, ушуга окшош “Репретин” каражатынан улам бейтаптардын абалы начарлап кеткенин жүйө келтирип, саламаттыкты сактоо министрлигине нааразычылыгын айтышууда. Ошондой эле  жогору жактагы бийлик өкүлдөрүн буга көңүл бурууга чакырып жатышат. Буга министрлик эмне дейт? Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты боюнча консультанты Жылдыз Жумагулова суроолорубузга жооп берди.

Алгач эле айтсаңыз “Репоэтин” деген эмне болгон дары. Эмнеге бейтаптар буга чейин колдонуп келген каражаттарды эмес так ошо дарыны министрлик алып жатат?

Саламаттык сактоо министрлиги 2017-жылдан баштап борборлоштурулган система менен республикадагы бардык гемодиализ аппаратын колдогондого дары сатып алат. Дүйнө жүзү боюнча эритропоэтин деп коёт, булардын  альфа, бета, зета деген үч түрү бар. Алардын баары бизден каттоодон өткөн. Анан жылдын башында бөйрөк оорулуу бейтаптар үчүн дары-дармек каражаттарын сатып алуу боюнча тендер өткөн. Ага бета болуп саналган Шверцариянын “Рекормон” жана альфа бөлүмүндөгү Индиянын “Рэпоэтин” деген эки компаниясы катышкан. Бизде эксперттик жана тендердик комиссия түзүлүп, аларды карап чыкканда экөбү тең бирдей деген бүтүмгө келишкен. Болгону баасында айрыма бар. Бүт дүйнө экөбүн тең кабыл алып жатканын карабай, биздин жарандар нааразы болушууда.

Эгер дүйнө жүзү кабыл алып жатса, комиссиянын кароосунан өтүп жатса, анда биздин жарандар эмнеге кооптонуп жатат?

Алардын корккондору “рекормон” алып жүрүп “рэпоэтин” алсак, терс таасири болушу мүмкүн деп жатышат. Биз да өз билгенибизди кыла бербейбиз да. Бул деген дүйнөдөгү 56 клиникалык изилдөөдөн өткөн каражаттар. Экөбүнүн таасири бирдей деген бүтүм чыгып жатат.  Негизи “репоэтин” каражаты 2018-жылдын башынан бери эле киргизилип, ал ушул убакытка чейин колдонулуп келе жатат. Бүгүнкү күгө чейин андан зыян тарткандар  болгон жок. Эми ар бир мамлекет өзүнүн алына жараша алат да. “Рекормондун” алгачкы тендердеги баасы 3800 азыр  3400 сом деп турат. “Репоэтин” болсо алгачкы баа  2570 болсо, азыр 2520 сом. Ошондо бир алганда экөбүнүн ортосундагы каражат 6 млн сом болуп калууда. 

Нааразычылыкка чыккандар бул дарылар Индиядан жасалма жолдор менен келип жатканын айтып, айрым курамындагы заттар менен жазуулары бири-бирине дал келбей жатканын айтышууда. Ошондо аталган каражаттар алынып калса, оорулуулар аны колдонууга агасыз болушабы?

Дары дармектер көрсөтмөлөрүндөгү жазуулар менен дал келбей калышы мүмкүн эмес. Себеби, анын баары маркировкадан өтөт. Минстрлик мыйзам чегинде иштеп жатат. Ал жакта тендер өткөрүлүп, эки компаниянын кызматы же дарылардын таасири бирдей болсо. Арзаныраагын алыш керек деген мыйзам бар. Бул жерде акча кармап калыш башкы максат эмес, дарынын сапаты, эффективдүулүгү жогору болуп турса эмнеге биз аны ала албайбыз?

Мына азыр саламаттыкты сактоо министрлиги “Репоэтин” каражатын зыяны жок экенине кепилдик берип жатасыздар. Бирок, кокус зыянга учурап калган жарандар катталса жоопкерчиликти мойнуңуздарга аласыздарбы, анда эмне болот?

Биз алдын ала айта албайбыз. Негизи эң жакшы дарыны алып келсе да, терс таасири болушу мүмкүн. Анда биз сары кагаз толтуруп, иликтөөгө беребиз.

Маегиңизге рахмат

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache