Биз менен байланышыңыз

Алимент төлөбөгөндөрдү чет өлкөгө чыгарбоо сунушталды

Коом , Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 1031 | 0

Алимент төлөбөгөндөрдү чет өлкөгө чыгарбоо сунушталууда. Долбоорлонгон мыйзамда алимент төлөөдөн качкан ата-эне айдоочулук күбөлүктөн да ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева Маралга бүгүн билдирди.

Мыйзам долбоору балдарын багуудан качкан ата-энелерге карата багытталган. Учурда Кыргызстанда мындай жоопкерчилиген качкан жарандардын саны 42 миңден ашууда. Мамашеванын айтымында, мыйзам долбоорунун башка максаты баланын ата-эне камкордугуна болгон укугун камсыздоого багытталат.

Ал кошумчалагандай, үй-бүлө кодексине жана «Сот аткаруучулар жөнүндө» мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиш керек.

Депутат айым ошондой эле, алименттин эң төмөнкү өлчөмү да белгиленип, бир балага кеминде 1800 сом белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM