Шашылыш кабар:

Кыргызстандын жалпы карызы 4 млрд доллардан ашык

Сентябрь 5th, 2018 | by Бахар Хакимова
Кыргызстандын жалпы карызы 4 млрд доллардан ашык
Кыска кабар
0

Кыргызстандын мамлекеттик карызы үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна карата 4 млрд 411 млн долларды түздү. Сом менен эсептегенде 300 млрд 744 млн сомго жетет.

Мындай маалыматты Финансы министрлигинин бюджет саясаты башкармалыгынын башчысы Канат Асангулов коомдук угуу учурунда айтты.

Тышкы карыз жалпы карыздын 86,4 пайызды түзөт, анын суммасы – 3 млрд 809 млн доллар же 259 млрд 711 млн сом.

Ал эми ички карыздын суммасы 602 млн доллар, ал жалпы карыздын 13,6 пайызын түзөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache