Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн Аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча биринчи жыйыны өттү

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 678 | 0

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппаратын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө 2018-2022-жылдарга карата аймактык саясат Концепциясын, ошондой эле «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашыруу маселелери каралды.

Жол картасынын долбоорунун алкагында 250гө жакын иш-чараны жүзөгө ашыруу пландалууда, анын ичинен 2019-жылы 98 иш-чараны аткаруу керек, алардын 43ү инфраструктуралык долбоорлор болуп саналат.

Долбоордун алкагында биринчи кезекте өлкөнүн бардык аймагында интернет түйүндөрүнө  жеткиликтүүлүктү камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулат. Бул аркылуу глобалдык түйүндөргө кымбат эмес кошулууга мүмкүнчүлүк болот.

Жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр эскерткендей, уюштуруу комитетинин алдындагы милдеттери жоопкерчиликтүү мамилени талап кылат. Ар бир иштин жыйынтыгы боюнча ар квартал сайын талдоо жүргүзүлүп, милдеттерди ишке ашырбаган жетекчилерге тийиштүү чаралар көрүлө турганын белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM