Биз менен байланышыңыз

Жекшеев: 11 талапкердин документинен кемчилик табылды

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 716 | 0

Коомдук теле-радио корпорациясынын директорлугуна ат салышкан 11 талапкердин документинен кемчиликтер табылды. Бул тууралуу каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев «Марал» радиосуна айтты.

Документтерди териштирүү учурунда талапкерлердин резюмесинде көрсөтүлгөн маалыматтар менен эмгек китепчесинде жазылгандардын ортосунда айырмачылыктар болгондугу аныкталган. Байкоочу кеңеш аларды шайлоонун кийинки этабына өткөрүп-өткөрбөө боюнча 28-марттагы отурумунда чечет.

-28-мартта ар бир талапкер менен 15 мүнөттөн маектешебиз. 1-мартта ар бири өзүнүн программасын тааныштырат. Кандай негизде өткөрө турган болсо да, биз бардык шартты даярдап койдук. Программалары менен таанышкан соң бизде ар бир талапкер боюнча маалыматыбыз болуп калат. Андан кийин шайлоого аттанабыз.

Кошумчалай кетсек, КТРКнын директорлугуна талапкерлигин койгондордун саны 22ге жеткен. Бирок 18-февралда Байкоочу кеңеш 3 талапкердин документинде кемчиликтер болгону себептүү аларды четтеткен. Учурда 19 талапкер бар.

КТРКнын директорлугуна талапкерлер такталды

Copyright © 2017 Maral FM