Биз менен байланышыңыз

Мурашев: Быйыл картошка аз айдалат

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 1274 | 1

Кыргызстандык дыйкандар үчүн быйыл чечевица, гречка, соя сындуу дан азыктарын айдоо кыйла пайдалуураак болот. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анда ал быйыл пахта айдоо аянты да көбөйгөнүн айтты.

«Дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы өсө баштады. Ошондон улам быйыл пахта айдоо аянты 2200 гектарга көбөйтүлдү. Тамекинин аянты да 1 миӊ гектарга көбөйгөнү турат. Ал эми картошканын аянты 3200 гектарга азаят, анткени өткөн жылы Казакстан менен Орусияда анын түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, баасы төмөндөп кеткен», — деди ал.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы айдалган картошканын баасы арзан болуп, Айыл чарба министрлигинин дарегине сындар көп айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM