Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кыргызстан Ооганстандын терроризмге каршы аракеттерин колдойт

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 795 | 0

Кыргызстан Ооганстан өкмөтүнүн тынчтыкты камсыз кылуу жана терроризм менен экстремизмге каршы турууга багытталган аракеттерин колдойт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ооганстандан советтик аскерлеринин чыгарылышынын 30 жылдык мааракесине арналган иш-чарада белгиледи.

Анын айтымында, Борбордук Азия бүгүн да дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда турат. Мунун негизги себеби — Ооганстандагы кырдаал. Региондогу тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо — актуалдуу милдет бойдон калууда.

-Жарандардын ар кандай диний-экстремисттик кыймылдарга катышуу тенденциясы өсүүдө. Айрым мекендештердин жалданма террорчуларга азгырылып жатканы бизди тынчсыздандырат. Диверсиялык-террористтик тажрыйба топтоп келген террористтердин региондогу кырдаалды курчутууга аракеттенип жатышы бизди өзгөчө кооптондурат. Буга эч убакта жол берүүгө болбойт. Ооганстан — бизге коңшу өлкө. Ошондуктан бул өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга кайдыгер боло албайбыз. Кыргызстан БУУ, ШКУ, Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында региондо коопсуздукту камсыз кылуу аракеттерин мындан ары дагы күчөтөт.

Ал Ооганстан боюнча экономикалык, энергетикалык жана транспорттук-комуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык өнөктөштөр менен Кыргызстан тыгыз иштешүүгө даяр экенин, «CASA-1000» энергетикалык долбоордун алкагында Тажикстан менен бирге Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттойлу деген ниетибиз бардыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM