Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Ооганчылардын социалдык маселелери чечилет

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 598 | 0

Мамлекет экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша Ооган ардагерлерине социалдык колдоосун үзбөй көрсөтүп жатат. Башка социалдык-экономикалык маселелердин катарында алардын да маселелери ырааты менен чечилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулушта билдирди.

Ал белгилегендей, өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелердин катарында бул маселе да бар. Учурда мамлекет тарабынан мүмкүнчүлүккө жараша ардагерлерге колдоо көрсөтүлүп келет. Өкмөт ушул мааракеге карата ар бир ооганчы-ардагерлерге жана курман болгон мекендештердин үй-бүлөлөрүнө 5 миң сомдон кошумча бир жолку жөлөкпул жардам көрсөттү. Жалпысынан 28 млн. 800 миңден ашык акча бөлүнгөн.

Президенттин сөзү боюнча, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин облустук жана Ош, Бишкек бөлүмдөрүнүн ар бирине акчалай жардам көрсөтүлөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM