Биз менен байланышыңыз

Түркияда жумушсуздардын саны 4 миллионго жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 714 | 0

Түркияда расмий түрдө жумушсуздардын саны 2019-жылдын январь айына карата 3 миллион 776 миңди түздү. Бул тууралуу Иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик «Ишкур» башкармалыгы жарыялады.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул айынан дээрлик 400 миңге ашыкча.

Маалыматка ылайык, жумушсуздардын 49%ын эркектер түзөт.

Бирок көз карандысыз уюмдар жумушсуздардын саны иш жүзүндө 4 миллиондон ашарын белгилешүүдө.

Оппозициядагы Республикалык-элдик партиянын (CHP) лидери Кемал Кылычдароглу парламентте сүйлөгөн сөзүндө Зонгулдак шаарындагы жумуш менен камсыз кылуу бюронун эшигинде таңкы 04:00 чамасында кезекте турган жаштардын сүрөтүн көрсөтүп:

«Мына, 21-кылымдын Түркиясы! Күч-кубатка толуп турган жүздөгөн жаштар кесибине жараша ишке алына албай, убактылуу иш издеп, таңкы төрттө бюронун алдында кезек күтүп турушат. Чакан жана орто ишкерлик менен алектенген жарандарды четинен террорист деп жарыялап, ишсиз калтырдыңар. Өлкөнү сазга батырып тоногондор, азык-түлүккө ар түрдүү кошумча алымдарды кошуп, элдин ырыскысын уурдагандар кол тийбес болуп жүрүшөт!»,-деди.

Эске салсак, 2016-жылдагы » ишке ашпай калган төңкөрүш аракети» делген окуянын шылтоосу менен жүз миңдеген жарандар соттолуп, камалып, террористтерди каржылайт деген жүйө менен миңдеген компания, ишканалар тартылып алынып, жабылган. Арасында медиахолдингдер, завод-фабрикалар, билим берүү мекемелери жана медициналык мекемелер да бар.

 

Copyright © 2017 Maral FM