Биз менен байланышыңыз

Британия: же «Брекситти» жылдыр, же референдум!

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 966 | 0

Британиянын кырктан ашуун мурунку дипломаттары премьер-министр Тереза Мэйге кайрылуу жасашып, «Брекситтин» мөөнөтүн кийинкиге жылдырышын, болбосо Евробиримдиктен чыгууну кайрадан жалпы элдик добушка салышын талап кылышты. Бул тууралуу англиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Британиянын Орусия, Франция жана АКШдагы элчилик милдетин аткарган мурунку элчилер Мэй аймакты эл аралык кризиске карай сүрүп баратканын эскертишкен.

«Биримдик менен макулдашуусуз чыгып кетүү узак жылдарга созулчу пикир келишпестиктерге алып келери бышык»,- дешет алар.

Мындай чакырыктар бир гана дипломаттардан эмес, башка саясий тараптардан, жадагалса Мэйдин партиялаштарынан, өкмөт мүчөлөрүнөн да келүүдө.

Бирок Мэй макулдашуу ратификацияланса да, жактырылбаса да королдук Евробиримдиктен чыгарын белгилөөдө.

Эске салсак, Англия, Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландия республикаларынан турган Улуу Британия ушул жылдын 29-мартында биримдиктен чыгуусу белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM