Биз менен байланышыңыз

Украинанын президенттигине 44 киши ат салышат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 816 | 0

Украинанын президенттигине талапкерлерди каттоо аягына чыгып, 44 киши президенттикке ат салышары маалым болду. Бул тууралуу Украинанын Борбордук шайлоо комитети билдирген.

Маалыматка ылайык, учурдагы президент Петр Порошенко менен мурунку премьер-министр Юлия Тимошенко да талапкерлердин арасында.

Алдын ала сурамжылоолор көрсөткөндөй, жогорудагы экөөсүнөн сырткары белгилүү шоумен Александр Зеленский да сап башындагылардын катарында. Аны колдоорун билдиргендердин көптүгү өлкө жарандары көнүмүш саясий фигуралардан жана алардын саясаттарынан тажашканынын белгиси экенин эксперттер айтышууда.

Президент Петр Порошенко Евробиримдик жана НАТО мүчөлүгүн ишке ашырарын убадалаганы менен эки талапкерден аша албай жатат.

Кошумчаласак, Юлия Тимошенко 2004-жылдагы төңкөрүштөрдүн башында туруп, премьер-министр болуп, кийин Януковичтин учурунда камалып чыккан. 2014-жылдагы шайлоодо Порошенкого утулуп калган.

Copyright © 2017 Maral FM