Биз менен байланышыңыз

Европада Кыргызстандын туристтик потенциалы сөз болду

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 776 | 0

Брюссель шаарында 8-февралда “Brussels Holiday Fair” аттуу Европагы эң чоң туристтик көргөзмөлөрүнүн биринчи ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, элчиликтин колдоосунун негизинде аталган көргөзмөгө биринчи жолу ата мекендик “Номадстан” туристтик компаниясы катышты. Анда Кыргызстандын  туристтик потенциалын, маданият жана тиричилигин тартуулаган.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине дипломатиялык өкүлчүлүктөр, массалык маалымат каражаттары жана ошондой эле туристтик багыттагы ири компаниялар жана башка коноктор катышкан.

Брюссель шаарындагы Бельгиянын эң чоң «Brussels Expo» көргөзмө комплексинде 350гө жакын экспонент көрүүчүлөр жана катышуучуларга дүйнө жүзү боюнча 800гө жакын туристтик багыттар тууралуу сунуштарын тартууланган.

Туристтик көргөзмөнүн уюштуруучуларынын маалыматына ылайык, 2018-жылы «Brussels Holiday Fair» көргөзмөсүнө 106 миңден ашык көрүүчүлөр келген. Ал эми 2019-жылы аталган иш-чаранын көрүүчүлөрүнүн саны андан да өсүшү күтүлүүдө.

Ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилетүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында 2019-жылдын январь айында Брюссель шаарындагы кыргыз элчилигинин кызматкерлери «Travel Land» жана «Kyrgyz Muras» туристтик компаниялары менен биргеликте «Amsterdam Fair for Special Journey 2019», «Vacantiebeurs 2019», жана «Special Journeys Breda» 2019 аттуу көргөзмө-жарманкелерине катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM