Биз менен байланышыңыз

Сауд Арабиясынын Межлиси Жогорку Кеңеш менен кызматташууга кызыктар

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 764 | 0

2019-жылдын 6-февралында Кыргызстандын  Сауд Араб Падышачылыгындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси К.Жумабаев Сауд Араб Падышачылыгынын Межлис Аш-Шуранын депутаты Абдульазиз бин Абдулкарим Аль-Исса менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгындагы негизги маселелерге токтолуп, соода-өнөр жай жана туризм жаатында кызматташуу боюнча сүйлөшүштү.

Абдульазиз бин Абдулкарим Аль-Исса мырза, Межлис Аш-Шур Кыргызстандын Жогорку Кеӊеши менен мамилелерин өнүктүрүүгө кызыктар экендигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM