Биз менен байланышыңыз

Японияда Курил аралдары боюнча съезд болуп өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 623 | 0

Токиодо япониялыктар «Түндүк райондор» деп атаган Түштүк Курил аралдарынын кайтарылуусу боюнча салттуу элдик съезд болуп өттү. Анда биринчи ирет «мыйзамсыз басып алынган» деген термин колдонулган жок. Бул тууралуу Риа новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бул сөздөн баш тартуусуна Орусия менен жакшырып бараткан мамиле жана Курил аралдары боюнча жүрүп жаткан жигердүү сүйлөшүүлөр түрткү болду. Ар жылы 7-февралда өтчү съездге салттуу түрдө премьер-министр, Тышкы иштер министри жана башка өкмөт мүчөлөрү катышышты.

Биринчи жолу бул съезд 1855-жылы Кунашир, Итуруп, Шикотан жана Хабомаи аралчаларынын Японияга өтүүсүнө карата уюштурулуп, азыркы күнгө чейин уланып келет. Токио аталган аралдарды экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРге өтүп калганына нааразы болуп, кайтарууну көздөп келет. Дээрлик 70 жылдан бери эки өлкөнүн ортосунда Курил боюнча макулдашуу же тынчтык келишими түзүлбөй, өткөн жылы гана сүйлөшүүлөр башталды.

Эске салсак, 300 жылдан бери эки мамлекеттин ортосунда жайгашкан аралдар талаш жаратып келет. Япония аларды өзүнүн түндүк аймагы деп эсептегени менен аралда орусиялык жарандар жана чек ара кызматчылары жашашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM