Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Ош шаардык мэриясынын коллегиясына катышты

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 553 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынына катышты. Анда 2018-жылы Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары талкууланып, 2019-жылга карата милдеттер белгиленди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Ош шаары жалпы өлкөнүн өнүгүшүндө социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мааниге ээ.  Бул жылы да ймактарды комплекстүү өнүктүрүү иштерин улантуу зарыл. Инвестицияларды тартуу, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана жумуш орундарын түзүү, социалдык жана инфраструктуралык объекттерди куруу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл буруу керек. Мурда Ош шаары ири өнөр жай борбору болуп саналып, анда бир катар ири ишканалар иштеп келген. Кийинчерээк ишканалардын көбү менчиктештирилип жана иштебей токтоп калган. Муну эске алуу менен Ош шаарынын өндүрүштүк потенциалын сактоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек.

Ошону менен бирге Ош шаары сыяктуу туристтик потенциалы зор шаарларда туризмди өнүктүрүү зарылдыгына токтолду.

Жыйын соңунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев муниципалитеттин ар бир кызматкерин Ош шаары ар дайым кооз, коопсуз, ыңгайлуу жана меймандос бойдон калышы үчүн ак ниет жана чынчыл иштөөгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM