Биз менен байланышыңыз

«Талибан»: АКШ өлкөдөгү аскерлерин чыгарып кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 568 | 0

АКШ бийлиги жакынкы убакта Ооганстандагы аскерлеринин жарымын чыгарып кетерин убадалады. Бул тууралуу 5-6-февраль күндөрү Москвада өткөн «Оогандар форумунда» «Талибан» кыймылынын өкүлү Мухаммад Аббас Станикзай билдирди.

Анын айтымында, алар америкалык аскерлердин болушунча эрте, бир жылга жетпей өлкөдөн чыгып кетүүсүн күтүп жатышат.

Ошондой эле ал форумда Ооганстанда согушуу ниеттери жоктугун билдирди.

«Согушууга караганда тынчтыкты орнотуу оор иш. Биз Ооганстанда чуу чыгышын каалабайбыз. Шариатка негизделген жаңы конституцияны иштеп чыгабыз. Ооган аялдары коркпой эле коюшсун, биз алардын укуктарын тебелебейбиз. Окуп, билим алууларына шарт түзүп беребиз»,-деди Станикзай.

Мындан сырткары ал АКШ делегациясы менен өткөн сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун кошумчалады.

Бирок Вашингтон чыгып кетүү тууралуу убада бербегенин жарыялады. Америка өкмөтүнүн айтымында ооган бийлиги да сүйлөшүүлөргө катышууга тийиш.

Бирок аталган форумга Ооганстандын бийлик өкүлдөрү катышкан жок. Президент Ашраф Гани форумду куру кыял деп баалады.

Эске салсак, Москвада өткөн «Ооган форумуна» оппозиция өкүлдөрү, «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү, бир катар мамлекеттердеги ооган диаспоралары катышып, өлкөнүн мындан аркы келечели жана өнүгүү жолун талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM