Биз менен байланышыңыз

Ички иштер министрлигинде кызматтык өзгөрүүлөр болду

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 491 | 0

Ички иштер министрлигинде кызматтык өзгөрүүлөр болду. Ага ылайык, Министрликтин башкы штабынын башчысы болуп Сталбек Күренкеев дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин  күбөлөрду коргоо башкармалыгын жетектеп турган.

Анын ордуна Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов келди.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын Канат Жумагазиев жетектей турган болду. Ал мурда Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын башкарып турган.

Жаңы дайындалган жетекчилерди эмгек жамаатына министр Кашкар Жунушалиев жана орун басары Курсан Асанов тааныштырды.

Copyright © 2017 Maral FM