Биз менен байланышыңыз

Абиров: Өлкөдө орган алмаштырган дарыгерлерге колдоо көрсөтүлбөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Фев 2019 | 1210 | 0

КР президентинин жана өкмөткө караштуу клиниканын хириргия бөлүмүнүн башчысы хирург, трансплантолог Кубанычбек Абиров “Марал” радиосуна берген маегинде Кыргызстанда орган алмаштырган дарыгерлерге колдоо көрсөтүлбөй жатканын билдирди.

«Кыргыздын жигиттери өлкөдө боорду алмаштырууга аябагандай каршы чыгышты. Боор оорулары козу карындай болуп өсүп жатат. Азыр бул илдет менен жалпы Кыргызстан жабыр тартууда, анткени вирус бизге да келди. Башка мамлекеттерде боорун алмаштырган жарандарды дары менен камсыздоо милдетин өкмөт моюнга алган. Алсак, Беларусияда жергиликтүү эл үчүн орган алмаштыруу бекер», — дейт Абиров.

Анын айтымында, боор оорусу менен өлкөдө 5 миңге жакын адам жабыркайт. Алардын көпчүлүгү эмгекке жарамдуу курактагы адамдар.

«Биздин клиникалык ооруканада эки бригада операция жасоого даяр. Тийиштүү жабдыктар такыр жок деп айта албайбыз. Бирок чоң операцияларды жасоого алы жетпейт», — дейт Абиров.

Дарыгерлер белгилегендей, боордун рагын операция жолу менен айыктырууга болот. Мында боордун бөлүгү, жарымы же жарымынан көбү алынышы мүмкүн. Операциядан сырткары, химиотерапия дагы колдонулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM