Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңеш Ибраимовдун иши тууралуу айтты

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 525 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун кылмыш иши тууралуу айтты.

Төрт кылмыш иши бириктирилген.

«Дастан” ишканасына атайын буюмдарды алууда баа жогорулатылып көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында мамлекетке 21млн 942миң сом зыян келтирилген. Бул иш боюнча Имбаимовго жана «Дастан» ишканасынын инжинери Сасыбаевага жана башкы бухгалтер Мырзабековаларга айып тагылууда»-деди.

Ошондой эле Сагынбаев бул иш боюнча Ибраимов өзүнүн кабинетинде 250 миң доллар  жана 20 миң долларды «Дастан» ишканасынан алып турганы тастыкталган.

Эске салсак, Ибраимовго «Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Мындан тышкары Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушунан акча өөнөлүшү боюнча да айыпталып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM