Биз менен байланышыңыз

Депутат паспорттогу «улуту» деген графаны ордуна коюну талап кылды

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 570 | 0

Өкмөт паспорттогу «улуту» деген графаны ордуна алып келүүсү керек.  Мындай талапты Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

Анын айтымында, кезинде паспорттогу «улуту» деген графа боюнча калк арасында катуу талкуу болгон. Тилекке каршы, өкмөт коомчулуктун, анын ичинде депутаттардын пикири менен эсептешпей, өз токтому менен биометрикалык паспорттон аны алып салган. Өтүнүч, жарандардын улутун жайына койгула.

«Жарандын улуту жөнүндөгү маалымат чипке түшүрүлгөн дешет, анын эмне кереги бар. Коомчулук талап кылып жатат, паспорттогу «улуту» деген графа көрүнүп турушу керек. Ошондуктан, өкмөткө аны ордуна коюу боюнча протоколдук тапшырма бериш керек», — деди депутат.

Эске салсак, өлкөдө 1-майдан тарта электрондук паспорт бериле баштаган.  Жаңы паспортто жарандын үй-бүлөсү, дареги, улуту, жынысы, жарандыгы, туулган жери тууралуу жана башка 19 маалымат камтылат.

Copyright © 2017 Maral FM