Биз менен байланышыңыз

Мектептеги ысык тамактардын сапаты жакшырат

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 838 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөдөгү мектептердеги тамактанууну жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө 2022-жылга чейин  мектептердеги тамактанууну жакшыртууну оптимизациялоо боюнча Жол картасын кабыл алуу жана мектептерди ысык тамак менен камтууну кеңейтүү маселелери каралды.

Өмүрбекованын айтымында, мектептердеги тамактантанууну уюштуруу мыйзамы 17 жыл мурун кабыл алынган. Азыр мыйзамдын айрым ченемдери актуалдуулугун жоготту. Буга байланыштуу ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыккан. Анда окуучуларга ысык тамак берүүдө милдеттүү түрдө энергетикалык жана азыктуулук баалуулуктарды сактоого басым жасалууда.

Бүгүнкү күнү эл аралык донорлордун жардамы, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ата-энелердин күчү  1372 мектепте 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурулган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM