Биз менен байланышыңыз

Азия өнүктүрүү банкы темир жолдун өнүгүшүнө 2 млн доллар грант бөлдү

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 586 | 0

Азия өнүктүрүү банкы 2019-жылдын 25-январында Борбордук Азия өлкөлөрүндө темир жолдордун өнүшүшүнө техникалык жардам көрсөтүү максатында 2 млн. доллар өлчөмүндө грант бөлдү.

Темир жолдордун Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтыгы үчүн маанилүү ролу бар экенин Азия өнүктүрүү банкынын транспорт боюнча башкы адиси Юрген Слуйтер билдирди. Ошондой эле аймактык темир жол системасы аймактык жана эл аралык базарга чыгууга шарт түзүп, экономикалык жана социалдык өнүгүүнү камсыздай турганын кошумчалады.

Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтыгына Афганистан, Азербайжан, Кытай, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркменстан, Өзбекстан жана 6 көп тараптуу мекемелер кирет.

Азия өнүктүрүү банкы 2001-жылдан бери Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгына катчылык кызматты аткарып келет.

Copyright © 2017 Maral FM