Биз менен байланышыңыз

Мусаева: Айрым азыктарга аллергиясы бар окуучуга өзүнчө тамак жасалат

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Фев 2019 | 765 | 0

Республиканын аймагында ысык тамак берилген мектепте ашпозчулардын баары атайын даярдыктан өткөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Коомчулукта айтылган «мектеп ашпозчуларынын билими жок» деген сөздөргө кошулбайм. Ысык тамакка киргенден бери мекемелерде ашпозчу кызматчылар иштейт. Алар даяр тамакты гана берет. Ал эми таттуу токочтор болсо тендер аркылуу келет, аны жеке ишкерлер даярдайт. Ысык тамак берилген 1371 мекепте ашпозчунун штаты бөлүнүп берилген. Ашпозчулардын баары атайын даярдыктан өткөн», — дейт Мусаева.

Анын билдиргенине караганда, мурда таттуу токоч менен сүттүү чайдын калориясы 300 килокалорий болсо, ысык тамак берилип 650 килокалорийге көтөрүлгөн. Мектепте баланын күнүмдүк тамак-ашынын 15% гана берилет.

Окуучуларга берилчү тамак-аштын тизмеси Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Билим берүү министрлигинин адистери тарабынан даярдалат. Биргеликте 134 тамактын технологиялык картасы иштелип чыккан.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, мугалимдерден, ата-энелерден түзүлгөн комиссия ысык тамакты уюшутурууга жооптуу.

«Технологиялык картада улуттук кызыкчылык дагы каралган. Алсак, Таласта куурчак, Нарында эт көп берилет. Республиканын мектептеринде чайдын ордуна компот берилүүдө. Эгер окуучунун айрым азыктардын аллергиясы болсо мектепке кабар беришсин. Ал окуучуга өзүнчө тамак жасалат. Ал үчүн ата-эне кошумча каражат бөлөт же болбосо 7 сомго эмне келсе ошону берет. Ар бир ата-эне эртең менен баласына тамак бере албайт. Андыктан ысык мектептерде ысык тамак берилиши керек. Ата-энелер балдарынын тамагына кошумча акча берсе, каражат кандай пайдаланылып жатканын көзөмөлдөшү керек. Бул алардын укугу», — дейт Мусаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM