Шашылыш кабар:

Белорусия президенти өкмөттү алмаштырды

Август 18th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Белорусия президенти өкмөттү алмаштырды
Дүйнө кабарлары
0

Белорусия президенти Александр Лукашенко өкмөттү алмаштырды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайты жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн премьер-министрлигине өнүктүрүү банкынын мурунку төрагасы Сергей Румас дайындалды. Өкмөттү 2014-жылдан бери Андрей Кобяков башкарып келген. Лукашенко 1-вице-премьерликке Александр Турчинди, вице-премьерликке Игорь Ляшенкону дайындады. Ляшенко өнөр-жай жана экономика тармагын көзөмөлдөйт. Дагы бир вице премьерликке Владимир Кухарев келип, ал курулуш жана транспорт тармагындагы жоопкерчиликти алды. Белорусиянын Орусиядагы элчиси Игорь Петришенко болсо социалдык тармакка тагыраагы, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт тармагы боюнча вице-премьер министр болуп дайындалды.

Мындан тышкары, Дмитрий Микуленок архитектура жана курулуш министри, Павел Утюпин өнөр-жай министри, Константин Шульган маалымат жана коммуникация министри, Дмитрий Крутой экономика министри болуп дайындалышты.

Лукашенко аталган кызматтардагы аткаминерлерди президенттин тапшырмаларына кайдыгерлик кылганы үчүн кызматтан кетиргенин белгиледи. Ал дагы бир катар аткаминерлерге сөгүш жарыялады.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache