Биз менен байланышыңыз

Ибраимов: КРдин тышкы саясат боюнча концепциясы эскирди

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Фев 2019 | 609 | 0

Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Эрмек Ибраимов “Марал” радиосуна берген маегинде Кыргызстандын тышкы саясат боюнча концепциясы эсилиги жеткенин билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн тышкы саясат боюнча акыркы концепциясы 2007-жылы кабыл алынган. Андан бери көп убакыт өтүп, дүйнөдө бир топ өзгөрүүлөр болгон. Мындан улам тышкы саясат боюнча жаңы концепция иштеп чыгыш керек же эски концепцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү зарыл.

Биз үчүн тышкы саясат боюнча концепция – Алиппе. Анткени ал бир гана багыт аныктабайт, ал долбоорлоо, моделдөө иштери менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берген документ. Дүйнөнү анализдеп туруу зарыл. Бүгүн башталган иштин жыйынтыгы бир нече жылдардан соң чыгат. Ошондуктан мыкты деңгээлде пландоо зарыл”, — дейт Ибраимов.

Ал Кыргызстан көп багыттуу саясат жүргүзүшү зарыл экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM