Шашылыш кабар:

Жоробеков: Президент аппарат жетекчисин көпкө сынады

Август 17th, 2018 | by Бахар Хакимова
Жоробеков: Президент аппарат жетекчисин көпкө сынады
Күн чекит
0

Досалы Эсеналиев президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Эсеналиев буга чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Ал эмгек жолун мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 2003-жылы президенттик аппаратка кызматка келип, 2010-жылга чейин өлкө башчысынын басма сөз кызматынын жетекчиси, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеген. Ошондой эле “Кыргызпатент” мекемесин да жетектеген. Эми ал президенттик аппаратты жетектей турган болду, бирок ал бул кызматка эмне себептен эми тандалып отурат? Ушул суроо алкагында саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков “Күн чекит” программасына маек курду.

Марал: Сиздин оюңузда президенттик аппараттын жетекчилик кызматына Досалы Эсеналиев эмне себептен эми тандалды? Бул кызмат март айынан бери бош турган, Досалиев болсо орун басар болуп келди.

Жолборс Жоробеков: Эми бул жерде “жумурткадан кыр издегендей” болбош керек. Президенттин аппарат жетекчиси – бул өтө чоң кызмат. Анда көп маселелер, суроолор чечилет. Ошондуктан аны президент өзү 5-6айга чейин байкаштырса керек.

Марал: Эми Досалы Эсеналиев кандай иштеп берет?

Жолборс Жоробеков: Мен аны көптөн бери тааныйм. Ал президенттик аппаратта он жылдан ашык убакыт иштеген. Мындан тышкары интеллектуалдык менчик мекемесинде эмгектенди. Менин оюмча анын бул кызматка тандалышы туура болду.

Марал: Анын биринчи орун басары болуп Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев дайындалды. Ал жөнүндө оюңуз кандай?

Жолборс Жоробеков: Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаевдин Эсеналиевге орун басары болуп тандалышы да туура болду. Негизи Досалы дагы, Алмаз дагы жаш, жаңы формациядагы жигиттер. Азыр жогорку кызматтарга жаш, келечекти үмүттөндүргөн, креативдүү жаштарды алып келгени көпчүлүкө жагат деп ойлойм.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache