Шашылыш кабар:

Карабаева: Кыргызстанда доллар кымбаттабайт

Август 16th, 2018 | by Бахар Хакимова
Карабаева: Кыргызстанда доллар кымбаттабайт
Күн чекит
0

Август айынын башынан тарта Кыргызстанда бир доллардын баасы 69 сомдон ашты. Ал эми Орусияда рублдин, Казакстанда теңгенин куну түшүүдө. Бул абал бааларга кандай таасир этиши мүмкүн? Улуттук банктын расмий өкүлү Аида КарабаеваКүн чекит” программасына маек курду.

Марал: Кыргызстанда доллардын курсу кымбаттап жатканы байкалууда, ошол эле учурда жакынкы коңшу өлкөлөрдүн валюталарынын куну түшүүдө. Азыркы учурда абал кандай болуп жатат?

Аида Карабаева: 2018-жылдын 10-августунан тарта 1 АКШ долларынын кыргыз сомуна карата баасы 0,9 пайызга чейин жогорулады. Бул дүйнөлүк экономикадагы жагымсыз факторлор менен байланыштуу болууда. Мисалы, Орусияга карата санкциялардын кириши, гео-саясий абалга көз каранды. Бирок бул убактылуу жагдай. Анын негизинде чет өлкө валютасына болгон суроо-талап кыска мөөнөткө жогорулады. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу максатында Улуттук банк тарабынан тийиштүү операциялар жүргүзүлдү.

Марал: Доллардын курсунун кымбатташы өлкөдөгү базар бааларына кандай таасир этет? Кымбаттоо болбойбу?

Аида Карабаева: Эгерде баалар жөнүндө айтсак, албетте таасир этиши мүмкүн. Бирок ошол эле учурда, дүйнөлүк баалардын да таасирин эске алуу керек. Биздин божомолдоолор боюнча быйыл түшүм жакшы болууда. Өнөр жай тармагында күйүүчү майлардын да баасы төмөн. Бул бааларга азыркы курстун анча-мынча өзгөрүүсү минималдуу түрдө гана таасир этиши мүмкүн. Бирок биз бул акыбалга көзөмөл кылып турабыз.

Марал: Алдыда доллардын курсуна карата божомол кандай?

Аида Карабаева: Биздин өлкөдө өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режими орун алган. Башкача айтканда, доллардын сомго карата курсу валюта базарындагы суроо-талапка жана сунушка жараша аныкталат. Дагы тагыраагы, келишимдин негизинде аныкталат. Ошондуктан, азыркы учурда доллардын курсу кымбаттады деп тынчсызданууга, провакацияга алдырууга кажет жок. Анткени мындай жагдай апрель айында да кайталанган. Бирок абал тез эле калыбына келтирилген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache