Биз менен байланышыңыз

Рим Папасы Араб Эмираттарына келет

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 915 | 0

Христиандардын католик чиркөөсүнүн баш имамы Рим Папасы Франциск бүгүн Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу Дабиге келет. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Папа Франциск араб жарым аралына кадам баскан алгачкы понтифик болуп эсептелет.

Ал бүгүн Эмираттардын негиздөөчүсү Зейд аль Нахаянунун мемориалында өтүүчү диндер аралык конференцияга катышат. Эртең, 5-январда болсо «Зайед Спорт Сити» спорттук комплексинде өлкөдөгү католик коомчулугу менен жолугушуу өткөрүп, ибадат кылат. Ага 135 миң киши катышары күтүлүүдө. Эмираттарда Индиядан жана Филлипинден келген католик мигранттардын саны бир миллионго жетери айтылат.

Папа Франциск сапары алдында Йемендеги согушка катышып жаткандарды тынчтыкка чакырды.

«Мен кагылышууга катышып жаткан тараптарды жана эл аралык уюмдарды Йемендеги согушту токтотуу боюнча келишимдин аткарылуусу үчүн бардык чараларды көрүүгө жана жарандарга азык-түлүк жардамдарын жеткирүүгө жана Йемендеги бир туугандарыбыз үчүн чын дилден дуба кылууга чакырам»,-деди ал.

Эске салсак, Бириккен Араб Эмираттары Сауд Аравиясы менен биргеликте Йемендеги кагылышууда шииттик козголоңчуларга каршы сунниттерди колдоодо.

Copyright © 2017 Maral FM