Биз менен байланышыңыз

Көзүңүздү жашыңыздан сактаңыз

Блог | 3 Фев 2019 | 5406 | 0

Айлана-чөйрөдө болуп жаткан маалыматтардын 90% көз аркылуу аларыбыз баарыбызга эле белгилүү. Тилекке каршы, компьютерде иштөө жана сыналгыны көрүү аркылуу биз көзүбүздү катуу чыңалууга алып келебиз. Натыйжада көздүн көрүүсү начарлай баштайт.

Көздүн көрүүсүн жакшыртууга мүмкүн болорун билерден мурда, эмне үчүн биздин көрүү аппаратыбыз кайсы бир учурда начарлай баштарынын себептерине токтололу. Бул патологиялык абалды төмөнкүдөй психологиялык жана физикалык факторлор чакырышы мүмкүн: дайыма начар же жогорку деңгээлдеги жарык болгон мекемеде иштөө (мисалы, анча жарык эмес мекемеде компьютер менен иштөө, же болбосо түндө жарыксыз телефон кароо); көз айнекчесинин булчуңдарынын начарлашы, анын негизинде көздүн белгилүү бир объектиге фокус кылуу жөндөмдүүлүгү төмөндөйт; көз алмасынын челинин каруусу; витаминдердин жана микроэлементтердин жетишсиздиги.

Көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн пайдаланылган тамак-аштар

Өз алдынча көздүн көрүүсүн жакшыртууну каалаган көпчүлүк адамдар жөнөкөй жана универсалдуу эрежелер бар экенин көп баамдашпайт. Эң алгач күнүмдүк рационду карап чыгуу кажет:

-Газдалган, таттуу жана алкоголдук суусундуктардан толугу менен баш тартуу керек;

-Табигый продукцияларды гана колдонуңуз;

-Чалафабрикаттарды, консервдик, куурулган тамак-аштарды, фастфудду өз рационуңуздан чийип салыңыз;

-Кечки тамактануу жатарга 3 саат калганда болушу керек.

Мындан тышкары, сабиз, кара моюл, цитрус өсүмдүктөрү көзгө жакшы азык болуп берет. Сабиз А (каротин) витаминине бай келет, ал өсүмдүк майлары менен кошо көрүүнүн жакшыруусуна таасир берет. Бул жер жемишти алысты көрө албастыктан, блефариттен, коньюктивиттен жабыркагандар пайдаланса болот. Ал эми апельсин, лимон жана грейпфрутта С витамини көп кездешет. Булардын курамындагы аскорбин кислотасы көз алмасынын челине дайыма капилярлардын өткөрүмдүүлүгүн камсыз кылып турат.

Гимнастика

Көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн атайын медициналык жактан көнүгүүлөр иштелип чыккан. Эгерде мындай көнүгүүлөрдү үзгүлтүксүз аткарып турса, бир-эки айдын ичинде эле жакшы жыйынтык көрүүгө болот.

-Көзүңүздү биринчи оң тарапка, андан кийин сол тарапка айлантып кыймылдатыңыз;

-Башыңызды кыймылдатпастан, көзүңүз менен өйдө жакты караңыз. Андан кийин төмөн жакты караңыз. Андан соң көзүңүздү солго, оңго жана диагонал боюнча кыймылдатыңыз;

-Көзүңүз менен абада сегиз санын жазыңыз. Алгач көз карашыңыз менен жогорудан төмөн карай, андан кийин төмөндөн жогору карай чийиңиз;

-Тез-тезден көздү ачып-жумуу жана жүлжүйтүү кыймылын да аткарыңыз. Бул көздүн чыңалуусун жазууга жардам берет.;

-Бир нече мүнөт алыскы кайсы бир предметти чекит кылып алып андан көзүңүздү албай карап туруңуз, мындан соң мурдуңуздун үчүн кароого өтүңүз. Бул көнүгүүнү 10 жолу аткаруу керек.

Сиз көрүп тургандай бул бардык көнүгүүлөрдү ар бир адам жеңил эле жасай алат. Көзүңүздү жашыңыздан сактаңыз. Сөзсүз түрдө рационуңузга пайдалуу жашылча жана жемиштерди киргизиңиз, ошондой эле заманбап гаджеттерге көзүңүздүн көрүүсүн начарлатууга жол бербеңиз.

Copyright © 2017 Maral FM