Биз менен байланышыңыз

Быйыл 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматка өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2019 | 707 | 0

Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев “Марал” радиосуна берген маегинде маалымат алмашуу «Түндүк» системасы аркылуу жүрсө өлкөдөгү коррупция маселеси кескин түрдө жокко чыгарын билдирди.

Анын айтымында, «Түндүк» системасы ишкер кирсе мамлекеттик органдардын ортосундагы маалымат алмашуу электрондук түргө өтөт. Тагыраагы, жыл соңуна чейин 189 мамлекеттик кызмат толугу менен электрондук түргө өтөт. Учурда «Түндүк» системасына 34 орган киргизилген.

«Бул жылы өкмөт фискалдаштырууну киризүүнү ишке киргизүүнү пландап жатат. Өлкөгө кирген товарлардын барына  электрондук көзөмөл системасын киргизилет. Башкача айтканда ар бир продукциянын даанасы системага кирип турат. Мындайда салыктар ачык-айкын төлөнөт да республикалык бюджеттин каражаты кескин жогорулайт. Мындан сырткары электр лампалары, радиаторлор өндүрүү тармактарын экспорттоону өнүктүрүү боюнча өкмөт тарабынан «Жаңыланган экспортту өнүктүрүү» программасы кабыл алынды. Ал жерде сүт, эт  азыктарын өнүктүрүү дагы каралган»,- дейт Иманалиев.

Экспорт тармагын колдоо максатында ЕАЭБге чыгууда продукцияларды сертификациядан өткөрүү боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн түрүн көбөйтүү, алардын сапатын жакшыртуу боюнча дагы приоритеттүү багыттар каралган.

«Кабыл алынып жаткан «Экспортко багытталган ишканаларды каржылоо» программасынын алкагында жеңилдетилген насыяларды алууга болот. Ишканаларга шарттарды түзүү максатында экспорттук-импорттук операцияларды каржылоо боюнча атайын адистештирилген банкты киргизүү боюнча дагы талкуулар жүрүп жатат» ,— дейт Иманалиев.

Copyright © 2017 Maral FM