Биз менен байланышыңыз

Apple баасын арзандатат

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 1030 | 0

Америкалык Apple корпорациясы өзүнүн iPhone смартфондорунун баасын арзандатат. Мындай арзандатуу валютасынын куну долларга карата түшүп кеткен өлкөлөрдө гана болот. Бул тууралуу компаниянын башчысы Тим Кук жарыялаган.

Анын айтымында, доллардын курсунун жогорулашы менен iPhone смартфондорунун баасы атаандаштарына караганда кымбаттап, сатуу көлөмү азаят. Сатууну ылдамдатуу үчүн корпорация белгилүү өлкөлөрдө бааларын түшүрдү.

Бирок Кук кайсы базарларда түшкөнүн же жакын арада түшөрүн айткан жок.

«Canalys» агенттигинин маалыматына караганда дүйнө жүзү боюнча Appleдин смартфондору 5%га арзандады.

Эске салсак, iPhone учурда планетадагы эң кубаттуу телефон аппараты болуп саналат. Анын эң акыркы версиясы iPhoneXR, iPhoneXsMax жана iPhoneXS биздин базарларда 70 миңден 100ден өйдө бааларда сатылат.

Copyright © 2017 Maral FM