Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 459 | 0

30-январдан 1-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

ӨКМ билдиргендей, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун Талдык ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Ошондой эле Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Гөө ашуусу жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM