Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда салык терминдеринин сөздүгү жарык көрдү

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 651 | 0

Салык кызматы алгачкы жолу салык терминдеринин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгүн чыгарды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Китепте 3000 сөз камтылып, эки бөлүктөн турат. Биринчисинде орус тилинен кыргыз тилине которулган сөздөр орун алса, экинчисинде кыргызчадан орусчага которулган терминдер жазылган.

Сөздүктө берилген терминдер терминология жаатындагы так эместиктерди жана карама-каршылыктарды жоюуну камсыз кылат.

Басылма салык жана экономика жаатындагы адистерге, салык төлөөчүлөргө, экономикалык жогорку жана атайын окуу жайларынын окутуучуларына, студенттерине арналып, миң нускада басылып чыкты.

Китеп Терминологиялык комиссия тарабынан бекитилип берилди. Анын төрагасы Сыртбай Мусаев белгилегендей, сөздүк мамлекеттик органдар арасында бул багыттагы биринчи эмгек болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM