Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы бюджетти 1,5 млрддан куру калтырды

Экономика | 29 Янв 2019 | 1062 | 0

Бул тууралуу маалымат жыйынында ведомствонун төрагасы Алмаз Оңолбеков билдирди.

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бюджетке өткөн жылы 41 млрд 700 млн сом түштү. Бул туурасында аталган кызматтын төрагасы Алмаз Оңолбеков билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылга карата бажы төлөмдөрүнүн планы 39,8 миллиард сом деп бекитилген. Бирок тогуз айдын жыйынтыгына карап пландын көлөмү дагы жогорулатып 43,5 миллиард сом (2017-жылга карата 9,3 мрлд. сомго көп) болгон. Бирок кызмат алдына коюлган планды дээрлик 5,3 пайызга аркара алган жок. Мунун себебин Оңолбаев төмөнкү жагдайларга байланыштырды.

Иш жүзүндө 41,7 миллиард сом бюджетке түштү. Пландын толук аткарылбай калышынын негизи себеби ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн ташылып келинген товарлардан бажы алымдарынын толук түшпөй калышы болуп саналат. Ошондо 2018-жылы келген товарлардын бажы төлөмдөрү 17,6 млрд. сом өлчөмүндө бекитилген. 2018-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген бажы төлөмдөр 16,2 млрд сом суммасында бюджетине түшкөн же болбосо 1,5 млрд сом түшпөй калган.

Эксперттер кызматтын келтирген жүйөсү чындыкка дал келбей турганын айтууда. Экономист Эркин Абдразаков көмүскөдө Кыргызстандын ички дүң продукциясынын дээрлик 50 пайызга жакыны калып жатат. Ошондуктан бажыдан өткөн товарларга көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтууда. Болбосо, мындай көрүнүштөр кайсы бир себептерден улам дагы да уланышы ыктымал.

Мамлекеттин бажы жана салык тармагы — бюджетти толтуруучу негизги булактары. Бажы төлөмдөрүн 45 млрд тегерегинде коюшкан. Бул план реалду эле. Себеби ар жыл сайын инфлация жана тарифтердин өскөнүнө, ЕАЭБ киргенине байланыштуу биз аркылуу транзиттик жүктөр дагы көп өтүп жатат. Ошого байланыштуу сооданын көлөмү өскөнү менен төлөмдөр азайып кетти. Бул коррупциялык элементтердин бар экенинен кабар берет.   

Бул жерде биринчи кезекте жетекчинин жоопкерчилик маселеси каралышы керектигин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев айтып чыкты. «Маралга» берген маегинде бул түздөн-түз Оңолбековдун жоопкерчилиги келаткан аптада парламентте караларын айтып, буларга токтолду.

Бул жерде жетекчилердин түздөн түз жоопкерчилиги каралышы керек. Алар пландын аткарылбай калганына жооп бериш керек. Катуу чара көрүү үчүн аларды жумуштан алуу шарт. Башка чара көрүлбөш керек. Ошондой эле жумуштан алуу аймактагы жетекчилер менен токтошуна каршымын. Бул борбордук аппаратта болууга тийиш. Түздөн-түз Оңолбеков жооп бериш керек.

Анткен менен бажыдагы маселе кызматкерлердин айлык акысынын аздыгында экенин эксперт Эрлан Камалов белгилейт. 10 миң сом айлык алган кызматкер үй-бүлөсүн багуу үчүн кандай гана бөгөт коюлбасын, ага жол табышы ыктымал. Ошондуктан биринчи кезекте кызматкерлердин маянасын көтөрүп, аткезчилик жол менен товар өткөргөндөрдү кармагандарга кошумча сыйлыктарды берүү оң натыйжасын берет деп ишенет.

Эң негизгиси бажы тармагында иштегендердин эмгек акысын көтөрүш керек. Ошого жараша алардын жоопкерчилигин жогорулатуу абзел. Ушул иштер жасалмайын жыйынттык болбойт.

Кошумчалай кетсек, Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Раимбек Матраимовдун тушунда статистикалык көрсөткүчтөр жогору болгонун Оңолбеков белгилеп анын ишин жогору баалаганы бар.

Copyright © 2017 Maral FM