Шашылыш кабар:

Ислам шарттарында иштеген жаңы банк ачылат

Август 10th, 2018 | by Бахар Хакимова
Ислам шарттарында иштеген жаңы банк ачылат
Эколикбез
0

“Эколикбез” программасынын бул жолку чыгарылышында Ислам принциптеринде каржылоо жүргүзүү маселеси жөнүндө маалымат беребиз. Суроолорго Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана банктарды лицензиялоо башкармалыгынын, ислам финансылык продукттар бөлүмүнүн башчысы Урматбек Раззаков жана ушул эле бөлүмдүн инспектору Эдил Айдаров жооп беришти.

Марал: Ислам негиздеринде каржылоодо кандай принциптер бар? Ар бир принципке токтолуп кетсеңиз. Кардар менен келишим түзгөндө эмнелер эске алынат?

Урматбек Раззаков: Ислам каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялардын бир нече негизги өзгөчөлүктөрү бар:

Биринчи, ислам принциптерине ылайык иштеген банк ишинде насыялардан кепилдик пайыздарды алууга же ошол эле аманатка пайыздык киреше төлөп берүүгө тыюу салынат, бирок бул каржылоону бекер же акысыз алууга болот дегенди билдирбейт. Ислам каржылоо принциптери кайрымдуулук эмес, муну туура түшүнүү керек.

Экинчи, түзүлүп жаткан келишимдин шартында ар кандай күмөн болбошу керек. Тагырак айтканда, каржылоонун төлөм жана башка шарттары кардарга так жана белгилүү болушу зарыл. Мисалы, каржылоонун толук суммасы, үстөк баа, банктын комиссиясы канча болот, ушулардын баары так белгиленип келишимге киргизип же кардарды маалымдоо зарыл;

Үчүнчү, Шариат тарабынан тыюу салынган кээ бир иштерди каржылоого  уруксат берилбейт. Булар коомго терс таасирин тийгизе турчу иштер болушу мүмкүн. Мисалы, тамеки, спирт ичимдиктери, кумар оюну жагындагы долбоорлор каржыланбайт. Ислам принциптери менен иш алыпр барган банктар туш келди эле иштерди каржылай бербейт.

Төртүнчү, бардык ислам принциптерине ылайык иштеген банктын ички документтери, саясаты жана типтүү келишимдери Шариат кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Шариат кеңеши бул ислам укугу (фыкых), экономика жана финансы боюнча жогорку квалификацияланган кесипкөйлөрдөн турган банктын ички органы. Мындай кеңеш ар бир ислам принцибинде иштеген банктарда бар.

Марал: Ислам негизиндеги каржылоо кандай багытта жүргүзүлөт?

Урматбек Раззаков: Негизинен, ислам принциптерине ылайык каржылоо эки негизги багытта жүргүзүлөт. Биринчи түрү жөнүндө айтсак, банк кардарга товарды сатып берүүдө же ижарага берүүдө өз кызыкчылыгын, башкача айтканда үстөк баа түрүндө же ижара төлөмүндө камтыйт. Каржылоонун башка түрү – мында банк кардардын ишкердигине катышат жана ал киреше тапса пайда көрөт, зыянга учураса банк да жабыркайт.

Марал: Көбүрөөк кандай долбоорлорго берилет?

Урматбек Раззаков: Ислам принциптери менен берилген каржылоо максаттуу болот. Мисалы, жөнөкөй банк операцияларында кардар банкка келип, “мага баланча максатта акча керек болуп жатат” деп кайрылат, банк кардардын финансылык абалын текшерип насыя берет. Бирок аны кардар максаттуу колдонуп жатабы же башка нерсеге коротконун мониторинг кылууга милдетуу.

Ислам принциптерине негизделген каржылоо болсо, түзмө-түз максаттуу колдонулат. Себеби акча кардарга берилбейт, ислам банкы кардарга керектүү нерсени өзүнө сатып алып, үстөк баасы коюлуп андан кийин кардарга сатат же ижарага берет.

Долбоордун ийгиликтүүлүгү жана кандай пайда алып келүүсү, кардардын тажрыйбасы, жөндөмдүүлүгү, бизнес-планда туура жана жакшы көрсөтүлсө, банк мындай долбоорду каржылаганга кызыктар болот. Себеби, ислам банкынын милдеттери да бар, банкка салган депозиттердин ээлери банктын ишмердүүлүгүнөн кандай пайда түшөт деп күтүүдө. Ошондуктан ислам банкы финансылык анализ жүргүзүп, бардык тобокелдиктерди эске алып, долбоорго катышууга болот же жок деген чечим кабыл алышат.

Марал: Ислам шарттары Кыргызстанда качан ишке киргизилген? Ким тарабынан иштелип чыккан?

Эдил Айдаров: Ислам каржылоо принциптери дүйнө боюнча жаңы жайыла баштаган тармак. Ошол эле араб өлкөлөрүндө банктардын көбү Европа системасында иштешет. Ислам банктары жакын арада гана пайда боло баштады. Маалыматтар боюнча, принциптердин банктык системага кирип өнүгүп баштаганына 30-40 жыл гана болду. Бирок акыркы изилдөөлөргө караганда, дүйнө боюнча бул тармак өтө тез ылдамдыкта өсүүдө.

Ким тарабынан иштелип чыккан? Блу принциптер Ислам өнүктүрүү банктын туунду (дочерняя) уюму — Ислам финансылык институттарга бухгалтердик эсеп жана аудит уюму (AAOIFI) тарабынан иштелип чыккан эл аралык Шариат стандарттарда камтылган.

Шариат стандарттары – бул ислам банк операцияларын жана бүтүмдөрүн жүзөгө ашыруу принциптерин жана эрежелерин камтыган эл аралык стандарттар болуп эсептелет.

Ал эми Кыргызстанда ислам каржылоо принциптери 2006-жылы пилоттук негизде иштеп баштаган. Анда Ислам өнүктүрүү банкынын, Кыргызстанда өкмөттүн жана коммерциялык банк «ЭкоБанктын» ортосунда меморандум түзүлгөн. Анын негизинде «ЭкоБанк» пилоттук банк катары ислам финансылык операцияларды жүргүзө баштаган.

Марал: Ислам принциптери менен иш алып барган канча банк бар? Аларда чыны менен ушул принциптер сакталабы?

Эдил Айдаров: Учурда Ислам принциптерине ылайык иш алып барган 3 банк бар: «ЭкоИсламикБанк» — пилоттук банк, «Бакай Банк» ААКы жана «БТА Банк» — «Ислам терезесинин» алкагында иштешет. «Ислам терезеси» — бул салттуу банктын ичиндеги Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызматтарды көрсөткөн бөлүм.

Ар бир банктын ичинде Улуттук банктын талабына ылайык Шариат кеңештери түзүлүп иштөөдө. Банктын Шариат кеңеши ислам принциптеринин сакталышына жооптуу. Ал эми Шариат кеңешинин мүчөлөрү жогоруда айтылган талаптарга жооп бериш керек жана Улуттук банктын макулдашуусунан өтүшөт.

Марал: Ислам принциптери менен насыяны мусулман эмес жарандар да алышабы? Бул принциптерди колдонуу канчалык жайылган?

Урматбек Раззаков: Ислам каржылоо принциптери кардарлардын динине же улутуна карабайт жана ал жерде дискриминациялык көрүнүш болбойт. Биз билген кээ бир учурларда мусулман эмес жарандар ислам принциптери менен каржылоо алган, алар мындай каржылоого көбүрөк ишене тургандыгын айтышат. Батыш өлкөлөрүндө, ошол эле Улуу Британия, Америка Кошмо Штаттары, Австралия, Швейцарияда жана башка мусулман калкы азырак болгон өлкөлөрдө бул принциптер жакшы жайылууда. Мисалы, Улуу Британияда ислам принциптерине ылайык кызмат көрсөткөн 20дан ашык банктар бар.

Марал: Канча көлөмдө насыя алууга уруксат берилет? Коюлган чек барбы?

Эдил Айдаров: Каржылоонун максималдуу өлчөмү бар. Бул өлчөм капиталга байланыштуу болгондуктан, банктын капиталы канчалык чоң болсо ошончолук аталган өлчөм да чоң болот. Кардардын финансылык абалына жана койгон күрөөсүнө карата да каржылоонун көлөмү белгиленет.

Мындан тышкары, социалдык багыттагы каржылоо деген бар. Ал өтө муктаж жарандарга берилет. Өтө сейрек учурда гана акча иретинде берилет. Бирок, негизи Ислам принциптери менен иш алып барууда банк кардарга өнөктөш болгондуктан, өзү да пайда көрүшү керек болот. Ошондуктан акча түрүндөкөп бериле бербейт.

Марал:  Бул багытта иш алып барган бир эле банк болсо ал кардарларды тейлеп жетишип жатабы? Талап көбөйдүбү?

Урматбек Раззаков: Жогоруда кайсы банктар иштеп жатканын айттык. Кошумча айта кетсек, бир нече банктар Улуттук банктан «ислам терезеси» лицензиясын алууга кызыкчылыктарын көрсөтүүдө. Ошондой эле, Улуттук банк жаңы толук ислам банкын ачууга аракет кылууда.

Ал эми микрофинансылык секторунда 6 микрокредиттик компания ислам принциптерине ылайык операцияларды жүргүзөт. Алардын көпчүлүгү Ош облусунда жайгашкан.

Мунун бардыгы финансы-кредиттик уюмдардын исламдык принциптерине ылайык кызмат көрсөтүү жагынан кызыгуусу артып бара жатканын көрсөтүүдө.

Марал: Бүгүнкү күндө бул негизде канча суммадагы каржылоо жургүзүлдү?

Ислам шарттарынын негизинде иш алып барган банктар бүгүнкү күндө 1,3 млрд сом каржылоо жүргүзүштү. Бул аз көрсөткүч. Ал эми микрокредиттик сектордо 700 млн сомго жакын каржылоо жүргүзүлдү. Акыркы отчеттордо 2 млрд сомго жеткен. Изилдөөлөр боюнча, жарандардын 80 пайызы ушул принципте каржылоо алууну каалай турганын билдиришкен.

Марал: Ислам каржылоо принциптерин жайылтууда Улуттук банктын ролу кандай? Көзөмөлдү кантип жүргүзөт?

Урматбек Раззаков: Ислам каржылоо принциптерин жайылтууда Улуттук банктын ролу абдан чоң. Улуттук банк башкы жөнгө салуучу жана көзөмөл органы болгондуктан бул принциптердин туура өнүгүшүнө таасири көп.  Улуттук банк тарабынан эл аралык стандарттарга туура келген ченемдик укуктук актылар кабыл алынууда. Андан тышкары калкыбыздын финансылык сабаттын жогорулатуу багытында иштер жүрүп жатат. Бул секторду өнүктүрүү багытында инвестицияларды тартуу аракеттери жүрүүдө.

Улуттук банк тышкы көзөмөл жана инспекциялоо менен көзөмөл жүргүзүп турат.

Марал: Бул принциптерде иш алып барган банктарды көбөйтүү аракеттери барбы?

Урматбек Раззаков: Албетте, ислам каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган банктардын санын көбөйтүүгө кызыктарбыз. Учурда жаңы толук ислам банкын ачууга аракет кылуудабыз.

Өлкөбүздө ислам банк иши жана  каржылоо принциптеринин өнүгүшү — бул, биринчи кезекте, калктын башка, артельнативдүү банктык кызматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү, аны менен кошо, калктын ички ресурстарын мобилизациялоо мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Ошондой эле, ислам каржылоо принциптеринин өнүгүшү – бул өлкөгө инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache