Шашылыш кабар:

Жусупов: Антибиотик нормадан ашык сайылган малдын эти экспорттолбойт

Август 10th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Жусупов: Антибиотик нормадан ашык сайылган малдын эти экспорттолбойт
Күн чекит
0

Кыргызстандын фермерлери малга сайылган антибиотиктердин нормасын сактоосу керек. Болбосо, эт продукцияларын экспортко чыгарууда маселе жаралышы мүмкүн. Мындай чакырык менен Мамлекеттик Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция чыгууда. Кыргызстандагы малга кайсы нормадагы антибиотиктер сайылышы керек жана анын экспортко тийгизген таасири тууралуу аталган инспекциянын жетекчисинин орун басары Ашырбай Жусупов «Күн чекит» программасында айтып берди.

-Мамлекеттик ветеринардык инспекция малга антибиотик салууда малчылар эске алып койчу негизги кадамдарды айтып жатасыздар. Бүгүнкү күнү алар антибиотикти нормадан ашык сайып жатабы?

Биз 2017-жылы ЕАЭБдин техникалык регламенттерин кабыл алганбыз. Анын сегизи айыл чарба тармагында тиешелүү. Ошонун бирөөсү эт багытындагы техникалык регламент болуп эсептелет. Мында малга антибиотикти кабыл алуудагы талаптар көрсөтүлгөн. Ага карата Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекция бардык райондордо жана айыл өкмөттөрдө жеке ветеринарлар менен прафилактикалык иштерди жүргүзүүдөбүз. Буга кошумча дыйкандарга жана фермерлерге түшүндүрүү иш чараларын жасап жатабыз. Себеби малды өз убагында дарылап, дарылоо мөөнөтүн так сактоо өтө маанилүү.  Антибиотиктин типтерине жараша  2 же 3 жуманын арасында антибиотик организмден толук чыгып кеткенден кийин гана мал союучу жайларга берилиши керек. Бул багытта ар бир райондо биздин инспекторлор иш алып барып жатышат.

Мунун кандай кооптуу жактары бар?

Негизи антибиотик нормада көрсөтүлгөн чек менен гана берилиши керек. Ал малдын оорусуна жараша аныкталат. Ал дары белгиленген мөөнөттө сайылып бүткөндөн кийин, анын организмден толук чыгып кетүүсү үчүн убакыт керек. Эң негизгиси чабандар ушул норманы сактоосу керек. Ошондон кийин гана малды сойгонго жана анын этин соода түйүндөргө сатууга уруксат берилет. Эгер эрте союлган болсо, эт адамдын ден соолугуна зыянын тийгизет. Айрыкча жаш балдардын денесинде аллергия пайда болушу мүмкүн. Иммунитеттин азайып кетүү коркунучу бар. Экинчиден мындай эт продукциясы экспортко чыкпайт. Ошондуктан бул норма так сакталууга тийиш.

Жеке чарбалык иштер менен алектенген фермер антибиотиктерди кантип туура тандоосу керек?

Антибиотиктер мал ооруган учурда гана колдонулат. А жөн гана ооруну алдын алуу үчүн пайдаланылбашы керек. Буга биз тыюу салабыз. Мал ооруган учурда берилчү антибиотиктин тизмеси бар. Алардын малдын организминде бар же жок экенин бүгүнкү күнү Кыргызстандагы лабораториялар аныктап берет. Учурда 54 антибиотик бизден аныкталып жатат. Ал эми Эл аралык стандарттагы лаборатория жүздөн ашык антибиотикти аныктай алат.

Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache