Шашылыш кабар:

Президент жол коопсуздугу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды

Август 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Президент жол коопсуздугу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-августта саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов менен жолугушту.

Жолугушууга Президенттик аппараттын биринчи орун басары Досалы Эсеналиев жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты. Анда жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо маселелери талкууланды.

Жээнбеков өз сөзүндө, сот реформасы, коопсуздукту, мыйзамды жана тартипти камсыздоо мамлекет алдында турган эң маанилүү маселелердин бири экенин белгиледи.

«Бул тармактагы реформалар — татаал маселе жана бир топ күчтү жана убакытты талап кылат. Бирок биз реформаларды аягына чыгарышыбыз керек. Мен сиздин жазып берген маалыматыңыз менен таанышып чыктым, анда ишке ашыра турчу конструктивдүү идеялар жана ойлор бар. Бизди биргелешкен, талыкпаган жумуш күтүп жатат», — деди президент Ибраимовго кайрылып.

Жыйынтыгында, мыйзам жана тартипти күчөтүү, жарандардын коопсуздугун коргоо максатында Тамерлан Ибраимов жетектеген жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Жумушчу топтун курамына Президенттик аппараттын, өкмөттүн, коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache