Шашылыш кабар:

Абылгазиев: Учактар коопсуз болууга тийиш

Август 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Абылгазиев: Учактар коопсуз болууга тийиш
Кыска кабар
0

Абылгазиев Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялардын техникалык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы атамекендик авиакомпаниялардын учактары менен техникалык бузуулардан улам лайнерлер конууга мажбур болгон алты олуттуу окуя катталган. Мындайга жол бербөө керек, себеби жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаралууда.

«Мен атамекендик авиакомпаниялардын аба кемелери эл аралык стандарттарга дал келүүсү үчүн эл аралык аудиттен өтүүлөрүн талап кылам. Учактар жана учуулар болушунча коопсуз болууга тийиш. Тиешелүү тараптар авиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүлөрү кажет. Аба жүргүнчүлөрүн ишенимсиз жана ак ниетсиз аба ташуучулардан коргоо зарыл», — деди Абылгазиев.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache