Шашылыш кабар:

Абылгазиев электрондук салык процесстери менен таанышты

Август 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Абылгазиев электрондук салык процесстери менен таанышты
Кыска кабар
0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-августта салыктык отчёттуулукту электрондук түрдө сунуштоо процесстери менен таанышты.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, жарандар электрондук салык төлөө түрүнө активдүү өтүп жатышат. Алардын саны 20 миңден 90 миңге чейин өстү.

Абылгазиев өз сөзүндө, киргизилип жаткан салыктык отчёттуулуктун заманбап технологиялары салык тармагында натыйжалуу кызмат өтөй турганын белгиледи.

Анын айтымында, адамдык фактордун жоктугу коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга, убакытты жана ресурстарды үнөмдөөгө, фискалдык айкындуулукту жогорулатууга шарт түзөт. Ошондуктан, салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү боюнча бардык зарыл чараларды тездетүү керек. Анын ичинде товарларды маркирлөөнү, электрондук эсеп-фактураларын, электрондук патентти жана онлайн көзөмөлдүк-кассалык машиналарды өркүндөтүү кажет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache