Биз менен байланышыңыз

Милиция кызматкери окуучуну сүзүп кетти

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 854 | 0

Бүгүн, 29-январда таңкы саат 07.10 чамасында Новопавловка айылында «Ауди» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 11 жаштагы баланы мектептин жанында коюп кеткен. Бала алган жаракатынан улам жеринде каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Айдоочу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул кызматынын кызматкери болуп чыккан.

Учурда бул окуя иликтөөгө алынды. Окуучуну тааныгандар анын эгизи бар экенин, атасы да милиция кызматкери экенин айтышууда. Ал жерде жашагандар мектептин жанында жолдогу жөө адамдар өтүүчү сызыктар жакшы байкалбай калыганын, мектеп директорлугуна да чара көрүүнү суранууда.

Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон тилкеде жер үстүнөн жана жер астынан өтүүчү өтмөктөр бар.

Copyright © 2017 Maral FM