Шашылыш кабар:

Аскерлерди кыйноого президент көңүл бурду

Август 10th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Аскерлерди кыйноого президент көңүл бурду
Коом
0

Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүктүн башчысы кызматынан алынды. Бул тууралуу маалымат жыйында Башкы штабдын өкүлү Темирбек Козуев билдирди. Мындай чечим буга чейин “Кылым шамы” коомдук уюму көтөрүп чыккан аскерлердин кыйноого кабылып, жеке жумушка тартылгандыгына байланыштуу кабыл алынды. 


Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Бирок кордук көргөн аскерлердин ата-энелери, жактоочулары учурда эч кандай чара көрүлбөй жатканына нааразы. Анткени кылмыш иши козголгонуна эки ай болсо да, кызматкерлерге айыбы угузула элек.

Ажар Жекшеналиеванын уулу аскерге кызмат өтөйм деп келип, кыялы талкаланган аскерлердин бири. Уулун жакшы ниет менен жөнөткөн эне бүгүн акыйкат издеп кайрылып жатат. Анткени, анын уулу менен кошо Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүгүнө кызмат өтөө үчүн келген 5 жигит кызмат өтөөнүн ордуна жеке кызыкчылык үчүн жумушка тартылып, азап тартышкан.

-Балам азыр ооруканада. Анын айтымында, офицерлер балдарды тизип алып, мазактаган. Спортчу болсоңор кана качкылачы деп, буттарына аткан. Балам качып баратып, жыгылганын айтат. Андан кийин эч нерсени билбейм дейт. Мындайды фашисттер да кылбайт. Биз балдарыбызды ушул жерден элине кызмат кылсын деп жакшы ниет менен жөнөтсөк, карапайым элдин балдарын мынтип кыйноо эмне дегендик.

Ажар Жекшеналиеванын уулу учурда психикалык саламаттыгы төмөн деген жүйө менен ооруканага жаткырылган. Аскерге дени сак келген баланы себепсиз эле оорукчан атка кондурушту деп ата-эне нааразы. Ал менен кошо дагы 5 бала кыйноого кабылган. Омбудсмен институтунун бөлүм башчысы Замирбек Өмүрзак уулунун айтымында, бул балдар аскерге жазда кабыл алынышкан. Арадан көп өтпөй кыйноого кабылышкан.

Буга чейин аскер прокуратурасына арыз менен кайрылышкан. Анын негизинде кылмыш иши козголгон. 25-июлда болсо ошол 6 баланын ичинен бирөөнү психикалык саламаттыгы начар деп ооруканага жаткырып коюшкан. Калган үчөөнө тосмо арыз жаздырышкан. Калган экөө тосмо арыз жазып бербей койгондугу үчүн кыйноого кабылышкан.

Аскерге келгендерди машыктырбай, жеке чарбачылык иштерин аткартып кыйноо — бул кулчулук экенин “Кылым шамы” коомдук уюмунун директору Азиза Абдирасулова билдирүүдө. Ал буга чейин да аскердик кызмат өтөөдө өзүн-өзү атып алды деген фактыларга бул окуялардан кийин ишенбей тургандыгын жашырбайт. Анткени ага кайрылып, арыз жазган балдардын айтымында, аларды карагандар балдарды курал менен коркутуп, ойногон учурлар да болгон. Тосмо арыз жазган балдар өзүнчө кармалып, дискриминацияга кабылышкан.

-Мага бир аскер жазып жатат. Мени сабады, кулагыма чапканда кулагым канады деп. Анан качып барып кулагымды жууп жатсам, медайым көрдү. Анан эмне болду деп сураганда, ушинтип урду десем, ура беришээрин айтты деп жатат. Бул фельдшердин кайдыгер мамилеси. Андан кийин ал балдарды алып барып жеке иштери үчүн колдонушкан. Арык каздырып, ар бир бала үчүн 1 миң сомдон алган. Бул деген кулчулук.

Буга байланыштуу кызматтык иликтөө жасалып, №73809 аскердик бөлүгүнүн башчысы кызматтан алынгандыгын Башкы штабдын Куралдуу күчтөрүнүн укуктук камсыздоо жана коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгынын башчысы Темирбек Козуев билдирди.

-Бул факт боюнча 305-берене боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле, ошол аскер бөлүгүнүн башчысы кызматынан бошотулду.

Бирок, Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жатып, кыйноого кабылган балдардын жактоочусу Динара Медетова кылмыш козголгонуна 2 ай өткөнүнө карабай, чечкиндүү кадамдар жасалбай жатканына нааразы. Анткени, тергөө иштери жүрүп жаткан учурда кордук көргөн аскерлер менен аларга кордук көрсөткөн офицерлер бир эле аскер бөлүгүндө болушкан. Бул жагдай балдардын өмүрүнө коркунуч жаратат.

Ошол кызмат адамдары ошол эле аскер бөлүктө иштеп жатышат, балдар да ошол жерде. Бирок тергөө жүрүп жатканда аларды башка жакка которуп туруш керек болчу. Бирок балдар кыйноо көрүштү. Алардын өмүрү коркунучта.

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков да аскерлерге болгон мамилелер боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге тапшырды. Ошондой эле, мындай фактыларды башка аскердик бөлүктөрдө болтурбоо үчүн алдын-ала чараларды көрүү тапшырмасын койду.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache