Шашылыш кабар:

Октябрда үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы көбөйөт

Август 10th, 2018 | by Бахар Хакимова
Октябрда үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы көбөйөт
Күн Чабыт
0

Сүрөт интернеттен алынды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 4-августта Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барганда, Кара-Көл шаарындагы оорукананын кызматкерлери менен жолуккан кезде медицина кызматкерлеринин айрым категорияларынын маянасын жогорулатуу үчүн зарыл каражаттарды бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынганын айткан. Эмгек акысын көтөрүү көрүнүктүү болот деп айтылган. Бирок буга бюджетте каражат жетиштүүбү, кайсы кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт, бул боюнча конкреттүү жооп алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакуловго суроо узаттык.

Марал: Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев медицина кызматкерлеринин айрым категорияларынын айлык акысы жогорулайт деп жатат. Кимдердин айлыгы көтөрүлөт?

Мирлан Атакулов: Алгачкы этапта үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык маянасы жогорулатылат.

Марал: Бюджетте каражат жетиштүүбү? Кайсы булактан эсебинен акча бөлүү керектиги изилденип чыкканбы?

Мирлан Атакулов: Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министрлигине медицина кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуунун механизмдерин иштеп чыгуу үчүн тапшырма берген. Мындан тышкары, Финансы министрлигине каржы булактарын табуу боюнча тапшырма берилген. Биздин иштелип чыккан механизмдерге ылайык, үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгынын негизги бөлүгү өзгөртүлбөйт. Кошумча бериле турчу бөлүгү гана жогорулатылат. Мисалы, үй-бүлөлүк дарыгер жакшы иштеп, бекитилген талаптарды толук аткарса, айлык акысы 15-16 миңге чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Марал: Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлердин саны канча? Иш жүзүндө канча айлык алып калышат?

Мирлан Атакулов: Өлкөдө 3306 үй-бүлөлүк дарыгерлер бар. Эгер орто эсеп менен алганда айлык акысы он миңдин тегерегинде болуп калат. Ар бир жеке дарыгердин айлыгы иштегенине жараша болот. Жакшы иштегендер 15-16 миңге чейин алышат.

Марал: Акча качан бөлүнөт? Бул убада чыны менен ишке ашабы же популисттик эле кадам болуп калып калабы?

Мирлан Атакулов: Өкмөт тарабынан чечим кабыл алынды. Биздин оюбузда, октябрдан тарта айлык акылар жогорулай баштайт. Финансы министрлиги каржы булагын тактап бериши керек. Учурда изделип жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache