Шашылыш кабар:

«Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Август 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
«Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам «Кооперативдер жөнүндө» аракеттеги мыйзамдын кээ бир кенемтелерин толуктоо максатында иштелип чыкты.

Ага ылайык, кооперативдин кеңешинин курамы, мүчөлүгү, ыйгарым укуктары жана мөөнөтү жаңы мыйзам менен жөнгө салынат. Буга чейинки мыйзамда так жөнгө салынган эмес.

Киргизилип жаткан ченемдер кооперативдин кеңешин түзүүдө  жана кооперативдер кеңешинин ишмердигинин натыйжалуулугун аныктоодо негизги критерийлерден болуп эсептелет.

Кабыл алынган мыйзам кооперативдин кеңешинин ишмердүүлүгүн жакшыртууга, ички карама каршылыктарды жана кооперативдин ишмердигиндеги кызыкчылыктардын келишпестигин жоюуга мүмкүнчүлүк түзөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache