Шашылыш кабар:

Абылгазиев «Ачык асман» саясатын киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү

Август 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Абылгазиев «Ачык асман» саясатын киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү
Кыска кабар
0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-августта «Ачык асман» саясатын киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Анын айтымында, өкмөт авиация тармагын өнүктүрүүгө зор маани берет. Учурда «Ачык асман» саясатын ишке ашыруу максатында авиа ташуулар рыногун либералдаштыруу аракети жүрүп жатат. Республика аркылуу эл аралык учууларды жасоону бардык каалоочуларга бир тараптуу тартипте «абанын бешинчи эркиндиги» укугу берилет.

«Эгерде «Ачык асман» бизди коопсуз учуулар, арзан авиабилеттер, учуулардын багытын кеңейтүү менен камсыздаса, анда мен «Ачык асман» либералдык вариантын колдоогго даярмын. Анын үстүнө бул республиканын экономикасына да, туристтик тармагына да оң таасирин тийгизет. Ошондой эле «Манас» эл аралык аэропортунун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча тийиштүү иштер жана башка иш-чаралар жүргүзүлөт», – деди Абылгазиев.

Кеңешменин жүрүшүндө көз карандысыз эксперттердин айтымында, айрым мамлекеттик органдар жана кээ бир жеке авиакомпаниялардын өкүлдөрү өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу менен алектенишкен. Натыйжада көптөгөн кыргызстандыктар кымбаттыгынан улам авиабилеттерди сатып ала алышпайт же Ташкент жана Алматы шаарларынын аэропортторунун кызматтарын колдонууну тандашат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache