Шашылыш кабар:

Свердлов райондук сотунун судьясы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулду

Август 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Свердлов райондук сотунун судьясы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулду
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жаркеева Эльвираны мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту.

Буга чейин Судьялар кеңеши Жаркееваны кызматтан алуу сунушун беришкен. Президент тиешелүү жарлыкка бүгүн 10-августта кол коюп, Жаркееванын райондук соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Эске салсак, Жаркеева Эльвирага карата көптөгөн сындар айтылып келген. Буга чейин казакстандык ишкер Жогорку сотто чыккан чечимди 2 жылдан бери карабай жатканын айтып даттанган.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache