Шашылыш кабар:

Жээнбеков Сагынбаевге аскердик бөлүктөгү окуяны иликтөөнү тапшырды

Август 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жээнбеков Сагынбаевге аскердик бөлүктөгү окуяны иликтөөнү тапшырды
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков аскерлерге болгон мамилелер боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү тапшырды. Ал бүгүн 10-августта Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды.

Жолугушууда Коопсуздук кеңешинин катчысынан Куралдуу күчтөрдүн кургактыктагы аскерлердин 73809 аскердик бөлүгүнүн жоокерлерин башка иштерге тартуу, айрым жоокерлерде уруп-сабоо тууралуу маалыматтарды алды.

Сагынбаевдин айтымында, кылмыш иши 18-июнда Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан козголгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында, күнөөлүү адамдар аныкталып, учурда аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралып жатат.

Жээнбеков бул ишти дыкат иликтеп, Аскердик прокуратурага мыйзамга ылайык күнөөлүүлөрдү кылмыш жообуна тартуу боюнча көрсөтмө берилди. Ошондой эле, мындай фактыларды башка аскердик бөлүктөрдө болтурбоо үчүн алдын-ала чараларды көрүү тапшырмасын койду.

Эске салсак, Кой-Таш аскер бөлүгүнүн «Ала-Тоо» полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылышкан. Алар жетекчилик быйыл жазында армияга чакырылган жигиттерди башка бирөөлөргө жалдап, кара жумушка салганын, ур-токмокко алып, мазактап-кордогонун билдиришкен.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache