Шашылыш кабар:

Ирандык журналист тапкычтыгы менен элдин көңүлүн бурду

Август 10th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Ирандык журналист тапкычтыгы менен элдин көңүлүн бурду
Дүйнө кабарлары
0

Ирандык журналист Париса Пуртахариан стадионго жакын жердеги имараттын чатырынан футбол боюнча өтүп жаткан мелдешти сүрөткө тартып, коомчулукка кеңири таанылды.

Al Bawaba басылмасы журналист кыз мындай аракети менен аялдардын стадионго баруусуна тыюу салган эрежени бузбай туруп, мелдешти сүрөткө тартуунун айласын тапканын жазат.

Пуртахарианга «Аль-Ватани» футбол клубунун эки команда менен болгон улуттук лигасын сүрөткө тартуу милдети берилген. Бирок Иранда аялдарга эркектер ойноп жатканда стадионго барууга тыюу салынган.

Журналист кыз эрежени бузбай, өзүнө берилген тапшырманы так аткара алган. Анын тарткан сүрөттөрү дүйнө жүзүндөгү кесиптештеринин колдоосуна татыган. Журналисттин кесипкөйлүгүнөн сырткары амалкөйлүгү, тапкычтыгы коомчулуктун көңүлүн бура алды.

Белгилей кетсек, Иранда футбол менен волейбол өзгөчө популярдуу. Бирок аялдардын стадионго кирүүсүнө тыюу салган мыйзам дагы эле күчүндө.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache