Шашылыш кабар:

Унааны камсыздандыруунун тарифи аныктала элек

Август 10th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Унааны камсыздандыруунун тарифи аныктала элек
Экономика
0

Бишкекте унаа ээлерин камсыздандыруу жөнүндө мыйзам талкууланды. Талкууга өкмөттүн өкүлдөрү, жүргүнчү ташуучулар жана башка тиешелүү кызматкерлер катышты. Анда мыйзам ишке ашса кандай иштейт, оң жана терс жактары сөз болду.


Кыргызстанда унаа ээлерин жарандык камсыздандырууга сөзсүз милдеттендирүү (ОСАГО) жөнүндө мыйзам 2019-жылдын 7-февралында ишке кириши керек. Бул мыйзам 10 жылдан бери кабыл алынбай жүргөн.

Аталган мыйзам долбоору жол кырсыктарынан жабыркагандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоого чакырат. Аны коомчулук, депутаттар, серепчилер бир топ талкууга алып, айрымдары аны коррупцияга жол ачат деп айтышкан.

Мындан улам аталган тартип ишке ашса кандай иштейт, оң жана терс жактары, аны кайрадан иштеп чыгуунун кажети барбы? Ушул жана башка суроолорду тиешелүү кызматкерлер тегерек столдо талкуулашты.

Ал эми бүгүнкү күндө унаа ээлерин жарандык камсыздандырууга компаниялар даяр. Бул тууралуу Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясынын президенти Сабырбек Молдокулов билдирди.

Биздин компаниялар унаа ээлерин жарандык камсыздандырууга даяр. Азырынча тариф боюнча чечиле элек маселелер бар. Маселен тариф туура келбесе, өтө төмөн болсо анда мааниси жок болуп калышы мүмкүн. Анткени камсыздандыруу компаниялары миң кишиден чогултуп, бир эле кишиге берип коюшу мүмкүн. Азыр кымбат унаалар бар. Ал толук күйүп кетип же башкача жабыркаса чыгым чоң эле болот да.

Мыйзамда унаа ээлерин жарандык камсыздандыруунун тарифтери аныкталып, бекитиле элек. Деген менен тарифтин методикасы жарандык кодексте бекитилгенин финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов айтты.

-Методика боюнча ар бир унаа өзүнүн агрегаты, баасы боюнча маалымат толтурат. Валютанын курсуна жараша тарифтер өзгөртүлүп турат. Бул абдан татаал жумуш. Азыр 18 камсыздандыруучу компания бар. Алардын бири мамлекеттик.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлүнүн айтканына ОСАГО боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөсү  Эмил Бостериев макул болгон жок. Анын айтымында, жарандык кодекс коррупцияга жол ачат.

Жарандык кодексте эч кандай методика, норма жана берене жок. Мыйзамда кемчиликтер болуп жатат. Компенсацияны камсыздандыруу компаниясы өзү чечет. Анткени өкмөттө камсыздандыруу тарифтеринин методикасы жок болуп жатат. Башка өлкөлөрдө методика эбак эле бекитилген. Анда кырсыктан жаран инвалид, өлүм же башка жагдайга учураса, ар биринин тарифи бар. Ал эми унаасына да өзүнчө методика бекитилген. Бизде андай жок, болгону камсыздандыруу компанияларына эле берилип калууда. Аларга кандай чечсеңер, ошондой болот деп жатышат.

Унааларды камсыздандыруу системасы Орусияда 10, Казакстанда 8 жылдан бери иштеп келатат. Коңшуларга салыштырмалуу Кыргызстан камсыздандыруунун алгачкы этабын эми гана баштаганы турат. Унааны камсыздандыруунун болжолдуу жылдык баасы 3 миң сомдон башталары айтылып келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache