Шашылыш кабар:

Despacito ырынын аткаруучусун тоноп кетишти

Август 10th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Despacito ырынын аткаруучусун тоноп кетишти
Дүйнө кабарлары
0

Испанияда популярдуу Despacito ырынын аткаруучусу Дэдди Янкинин зер буюмдарын тоноп кетишти. Буюмдардын жалпы баасы 2 миллион евродон кымбат болгон. Бул тууралуу Las Provincias билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, ырчыга тиешелүү зер буюмдар Валенсия шаарындагы мейманканалардын биринде уурдалган. Янкинин бөлмөсүнөн 2,5 млн доллар өлчөмүндө накталай акча дагы жоголгон.

Учурда полиция окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, палестиналык хакерлер Despacito ырынын рекорд койгон клибин YouTube’дан өчүрүп салган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache